04.10.2018 12:39

Шамалды-Сай шаарчасында чек арачылар үчүн  турак жай куруу иштери башталды

Шамалды-Сай шаарчасында чек арачылар үчүн  турак жай куруу иштери башталды

Жалал-Абад облусунун  Шамалды-Сай шаарчасында чек арачылар үчүн  курула турган турак жайдын  пайдубалына капсула салуу салтанаты болуп өттү. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Курула турган 36 батирлүү заманбап турак жай Мамлекеттик чек ара кызматынын № 2027 аскер бөлүгүнүн территориясында кызмат өтөп жаткан  аскер кызматкерлерине арналган. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда.

«Үйлөрдө 2 жана 3 бөлмөлүү бардык шарты бар батирлер: өзүнчө от казаны, балдар ойноочу аянтчасы болуусу каралууда»,- деп белгиледи Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Таалайбек Кожошев.

Эскерте кетсек. сентябрь айынын соңунда, Ала-Бука чек ара отрядынын  чек арачылары  жаңы батирлерге  киришкен. Чек арачылар үчүн Талас жана Чүй  облустарында курулуп жаткан  турак жайлар бүтүү алдында.